super.kg logo

"Накталай 20, карта менен 17 сом". 15-январдан тарта коомдук транспорттун жаңы тарифтери күчүнө кирет

 

Бишкекте 15-январдан тарта коомдук транспортто жүрүүнүн жол акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык мэриясы сунуштаган жаңы тарифти шаардык кеңеш бир добуштан жактырды. Тарифтер расмий токтом жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин аны жаңырган жылдын 1-январынан тарта киргизүү сунушталган.

"Жол киренин баасы накталай 20 сом болсо, "Тулпар" картасы менен төлөгөндөр үчүн 17 сом болот. Эгер жарандар жол акысын MEGAPAY электрондук капчыгы аркылуу төлөсө 11 сом гана алынат. Тагыраагы, азыркы баасында калат. Анткени чыгымдын алты сомун MEGA компаниясы, мэрия үч сомун төлөйт", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун айтымында, кичи автобустарга (маршрутка) жол кире накталай 20 сомдон төлөнөт.

Ошондой эле ал муниципалдык транспорттун айдоочулары тыкан, тактап айтканда, үстүнө ак, астына кара кийим кийишет.

"Муну акырындап киргизип жатабыз. Айдоочулар өзүлөрү күлүп жатышат "тойго келе жаткандайбыз" дешип. Сиздердин колдооңуздар менен алардын айлыгын 50 миң сомго чейин көтөрдүк. Эми салондо чылым тартпоону, тыкан болууну жана маданияттуу жүрүм-турумун талап кылып жатабыз", - деди Сазыкулов.

Эске салсак, калаа мэриясы буга чейин да бир нече ирет тарифти жогорулатуу тууралуу айтып, бирок жарандардын нааразычылыгынан улам бул маселе кийинкиге жылдырылган болчу.






			
			

			
			

				
			



						





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: