super.kg logo
  Спорт  

"Париж-2024": Дагы бир атактуу балбан Олимпиада менен коштошту

 

Япониялык белгилүү балбан, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону Такуто Отогуро кийинки жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Тагыраагы, Японияда Олимпиада оюндарына тандоо турнирлерине катышуу укугун алуу үчүн "Император Кубогу" аяктады. Анда Олимпиада чемпиону Такуто Отогуро жарым финалда Котаро Киёка аттуу балбанга утулуп калган. Жыйынтыгында Киёка "Император Кубогун" жеңип, Олимпиада лицензиясын утуп алуу үчүн эки жолу аракет кылуу мүмкүнчүлүгүн алды. Биринчиси Азиянын квалификациялык турниринде, ал эми ийгиликсиз болсо Дүйнөдө.

Такуто Отогуро буга чейин дагы Олимпиадага лицензия алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган. Ал Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунун 1\8 финалында венгриялык Исмаил Мусукаевге утулуп, Дүйнө чемпиондугундагы жүрүшүн токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: