Абактагы Мелис Аспеков ооруканага которулганы маалым болду
Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кармалган активист Мелис Аспеков ооруканага которулду. Бул маалыматты бүгүн, 27-декабрда Жаза аткаруу кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Аспеков учурда "дарыгер-кардиологдун сунушу менен Бишкек шаарындагы "Бикард" медициналык клиникасында текшерүүдөн жана дарылоодон өтүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин Акыйкатчы институту аны ооруканага ден соолугун текшерүү үчүн жиберүү зарылдыгы жөнүндө арыз келип түшкөндүгүн билдирген.
Ага байланыштуу, 21-декабрда аталган абактын кызматкерлери жарандык активистти текшерүүдөн өткөрүү үчүн "Бикард" жеке менчик клиникасына жөнөтүшөрүн билдиришкен.
Эске салсак, Мелис Аспековго 2021-жылдын январында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген айып тагылган. Ал 7 жылга эркинен ажыратылган.
