super.kg logo
  Саясат  

Өзү туулган жерде айыл өкмөт башчысы болууга уруксат берүү мыйзамы биринчи окууда жактырылды

 

Бүгүн, 27-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген. Ага ылайык, өзү туулган жерде айыл өкмөт башчысы болуп иштөөгө уруксат берүү сунушталууда. Ушундай эле талапты Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринен дагы алып салуу каралган.

Белгилей кетсек, мындай чектөө 2021-жылы киргизилген болчу. Өкмөт кайра бул норма керексиз деген бүтүмгө келген.






Жогорку Кеңеш 27.12.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: