super.kg logo

Ошто 600 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү 

 

С. Ибраимов атындагы ОУДТда Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык “Алтын балаты – 2024” майрамы болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Оштун мэри Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кубаныч жана окууларында албан ийгиликтерди каалады.

"Мэрдин балатысына 600дөн ашуун мектептин алдыңкы окуучулары, майыптыгы бар, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга шаардык маданият башкармалыгы, “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору тарабынан оюн-зоок программасы көрсөтүлүп, балдарга майрамдык маанай тартууланды", - деп айтылат маалыматта.

Соңунда майрамга катышкан бардык балдарга таттуу белектер тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: