Бишкекте ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү үчүн жаңы жылдык жарманке ачылды





Кечээ, 27-декабрда Бишкекте ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү максатында жаңы жылдык жарманке ачылды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Жарманке "Дордой Плаза" соода борборунда өтүүдө. Анда Кыргызстандын айымдары чыгарган көптөгөн кереметтүү, уникалдуу, сапаттуу, ата мекендик продукциялар коюлду.
"Сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кыргызстандагы БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” акциясынын алкагында кризистик борборлорго жардам берүүгө жумшалат", - деп айтылат маалыматта.
Жарманке саат 10:00дөн 22:00гө чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.