super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн Азия чемпиондугунда 9 медалга ээ болду 

 

Казакстандын Тараз шаарында шотокан каратэ-до боюнча кадеттер, өспүрүмдөр, чоңдор, ардагерлер арасында Азиянын ачык чемпиондугу жана балдар арасында ачык Азия кубогу өттү. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.

Кабарлангандай, 23-декабрдан 24-декабрга чейин өткөн мелдешке Шотокан каратэ-до федерациясынан 19 спортчу катышты.

Турнирдин жыйынтыгында спортчулар 3 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту.

Кумите программасы боюнча 8-9 жаш куракта:

Кызжибек Жаныбекова – коло;
Матвей Паладин - коло;

кумите программасы боюнча 10-11 жаш куракта:

Рауф Кыдыралиев – алтын;
Амантай Абдимиталипов – күмүш;

кумите программасы боюнча 14-15 жаш куракта:

Бакытбек Жузмалиев – коло.

кумите программасы боюнча 16-17 жаш куракта:
Адилхан Моңолдоров – коло.

8-9 жаштагы командалык кумите программасы боюнча:

Атабек Эсеналыев – алтын;
Нурмухамед Матраимов – алтын;
Алибек Эсеналыев – күмүш;
Эмирлан Рабшанов – күмүш;
Баян Канатбеков – күмүш;

16-17 жаштагы командалык кумите программасы боюнча:

Самуил Койчубеков - коло;
Абубакир Аширбеков – коло.

18 жаштан жогорку курактагылар командалык кумите программасы боюнча:

Батырхан Мукайбеков – алтын.

Спорттук иш-чаранын максаты спортчулардын ортосундагы достукту чыңдоо жана жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: