super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу: Депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү

 

Бүгүн, 28-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушунан улам түзүлгөн комиссиянын курамына өзгөрүү кирди.

Депутат Алишер Эрбаев “Ыйман Нуру” фракциясынан Султанбай Айжигитов комиссиянын ишине катышуудан баш тартканын билдирип, комиссия толук кандуу иштеп, корутунду чыгарышы үчүн комиссиянын мүчөсүн кайра шайлоону сунуштады.

“Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков комиссиянын курамына Айжигитовдун ордуна Винера Раимбачаева кирерин билдирди.

Өзгөртүүдөн кийин комиссиянын курамы:

"Мекенчил" депутаттык тобу — Данияр Төлөнов;

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан — Элдар Сулайманов;

"Ишеним" фракциясынан — Бахридин Шабазов;

"Элдик" тобунан — Кубанычбек Самаков;

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан — Алишер Эрбаев;

"Ынтымак" фракциясы — Бакыт Тентишев;

"Ыйман Нуру" фракциясынан — Винера Раимбачаева;

"Альянс" фракциясынан — Азамат Исраилов.

Белгилей кетсек, кечээ Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Анын негизинде аталган маселе күн тартибине киргизилип, депутаттык комиссия түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: