super.kg logo

Үстөк пайыз 43 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бишкекте 120 күрөөкана текшерилди

 

Бишкекте 120 күрөөкана текшерилип, жетекчилерине жылдык пайыз ченди 43 пайызга төмөндөтүү милдети коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө лицензиясы жок иштеген 2 күрөөкана, салык мыйзамдарын одоно бузган 2 күрөөкана жана алдамчылык белгилери байкалган 3 күрөөкана аныкталган. Мындан тышкары 200 пайыздан ашкан үстөк менен кыска мөөнөттүү кредиттерди берүү жана күрөөгө коюлган талаптарды бузуу фактылары аныкталган.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Текшерүүдөн кийин 120 күрөөкананын жетекчилери жылдык пайызды 43 пайызга чейин төмөндөтүүгө милдеттендирилген.

"УКМКнын демилгеси менен 29-декабрда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтында бардык күрөөкана жетекчилеринин чогулушу пландаштырылууда, анда бизнес жүргүзүүнүн жаңы шарттары айтылат", - дейт билдирүүдө.

Буга чейин Чүй облусундагы күрөөкана ээлери 20 пайыздан ашырбоо убадаларын бергени кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: