Кайрат Иманалиевге Кыргыз Эл жазуучусу наамы берилди
Бүгүн, 28-декабрда Кайрат Иманалиевге Кыргыз Эл жазуучусу наамы берилди. Сыйлыкты "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров тапшырды.
Белгилүү драматург жана журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Иманалиев Кайрат Олжобаевич Бишкек шаарында 1977-жылы 29-ноябрда туулган.
Иманалиев бир канча драмалардын жана китептердин автору.
Ал буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалап келген. Аталган кызматтан ушул жылдын ноябрь айында алынган.
Кайрат Иманалиев 2019-жылы ушул эле министрдин орун басары, 2021-жылы министр кызматын аркалаган.
Ошондой эле УТРКны да жетектеген.
Эскерте кетсек, ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттин катышуусунда өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтүп жатат.
Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлүп жатат.
