super.kg logo

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2023: Быйылкы жылда аялдарга жасалган зомбулуктар бир шилтемеде

 

2023-жылды узатып жатып, SUPER.KG порталы бул жылы аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук окуяларынын айрымдарын тизмектеди.

Селекцияда кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева

Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында жашаган келин мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталып, ооруканага жатып чыкты. Окуя ушул жылдын 20-сентябрында болуп, мурдагы күйөөсү милиция кызматы тарабынан кармалган. Келиндин мурдагы күйөөсү Чүй облустук соту тарабынан зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табылып 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ногойбаеванын жактоочусунун айтымында, мурунку күйөөсүнүн зомбулуктары боюнча милицияга көп жолу арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында бети кескиленген келинге бир нече жолу коргоо ордери гана берилген. Ал эми Чүй облустук милициясы жабырлануучу зордуктоо фактысы менен 2 жолу арыз жазганын билдирген.

Бул окуя коомчулукта талкуу жаратып, биринчи айым Айгүл Жапарова келинден кабар алган. Ал эми орусиялык режиссёр жана блогер Вероника Косаткина Асель Ногойбева тууралуу кыскача тасма тартты.

Көп кабаттуу батирлердин биринде эки баласы менен өлтүрүлгөн аял

Ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

Ага карата 3-ноябрда сот өкүмү чыгып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарып, Чынтемир Аширалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Адам өлтүрүү) 1 (эки же андан ашык адамды), 3 (алсыз абалдагы адамды же баланы), 7 (өзгөчө мыкаачылык менен), 12-пункттары (пайда көздөө максатында) менен күнөөлүү деп таап, үч адамды атайылап өлтүргөн деп, мүлкүн конфискациялоо чечимин дагы кабыл алган.

Бирок, айыпталуучунун жактоочусу Октябрь райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. 20-декабрда иш шаардык сотто каралып, судья котормочу жана айыпталуучу тараптын жактоочусу келбегендигине байланыштуу соттук отурумду 2024-жылдын 10-январына жылдырды.

Бишкекте түндө мурдагы кызматкердин унаасында зордуктоо аракетине кабылган кыз

Бул окуя 15-июнга караган түнү болуп, токтоп турган унаадан кызды зордуктоого аракет кылган кишинин аракети видео байкоого түшүп калган. Кыз өзү дагы бул боюнча Свердлов райондук милицияга арыз менен кайрылып, зордуктоо аракети болгонун айткан. Кылмышка шектүү катары Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы кызматкери кармалган.

Бул иш тергелип жатканда кызга арызды кайтарып алуусун айтып, коркутуулар болгонун жактоочусу айтып чыккан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: