super.kg logo
  Спорт  

Акжол, Айсулуу баштаган спортчулар Жогорку Кеңештин юбилейлик медалы менен сыйланышты

 

Бүгүн, 28-декабрда кыргыз спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар спортчулар, машыктыруучулар жана жигердүү коомдук-саясий иши үчүн мамлекеттик кызматкерлер жана маданияттын өкүлдөрү "Жогорку Кеңешке 85 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, юбилейлик медаль менен спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, "Алыш" бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Азизхан Мусабек уулу, Азия чемпиондору Роман Сапаров, Элдияр Сексенбаев, Нурсултан Бочонов баштаган бир катар спортчуларга берилди. Башкы машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Каныбек Абытов баштаган машыктыруучуларга да медалдар тапшырылды.

Сыйлыктарды депутаттар Чолпон Султанбекова, Марлен Маматалиев, Шайлообек Атазов жана Равшанбек Рысбаев тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.12.2023. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Спортчулар чиновниктердин камычысын чаап, алардын эл алдына мактап кошомат кылганды токтоткулачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: