Казакстанда кызамык эки наристенин өмүрүн алды
Казакстандын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова бейшемби күнү сенаттын жыйынында республикада кызамыктан ымыркайлардын өлүмүнүн эки учуру катталганын билдирди. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Басма сөз өкүлдөрүнүн тиешелүү суроосуна жооп берип жатып, Есмагамбетова Астанада жана Чыгыш Казакстан облусунда кызамыктан өлүмгө учураган эки учур катталганын айтты. Ал бул оору эмдөө курагына жете элек балдардын өмүрүн алып кеткенин тактады.
Мындан тышкары, учурда дагы 15 баланын абалы оор экенин кошумчалады. Ал эми бул ооруну жуктургандардын саны өлкө боюнча 27 миңге жетти.
Адистер илдеттин жайылышынын себебин вакцинациядан баш тарткандардын көптөгү менен байланыштырууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.