super.kg logo
  Саясат  

Эми көр сатуу токтойбу? "Маркумду узатуу" жөнүндө мыйзам кабыл алынды

 

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеӊештин жыйынында "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Аталган мыйзам долбоорун Марлен Маматалиев баштаган депутаттар демилгелеген. Эл өкүлү көр үчүн жерлерди 40 миң сомго чейин саткан учурлар бар экенин айтып, мыйзам маркумду узатуу ишиндеги коррупциялык иштерге бөгөт коюу максатында иштелип чыкканын белгилеген.

Талкуу маалында депутат Медер Алиев “биздин айылда туулган эмес” деп сөөк коюуга көрүстөндөн жер бербеген адамдарга катаал жаза колдонууну сунуштады. Ал айрым региондордо ушул сыяктуу көрүнүштөр болуп жатканын айтып, мындай “караңгылыкты” жоюуга чакырды.

Ага Маматалиев мыйзам кабыл алынса, жаран каза тапкан учурда кайсы жакта туулганына карабай жашаган жеринен алынган маалымкаттын негизинде көрүстөнгө жер бөлүнүп берилерин айтты.






Жогорку Кеңеш 28.12.23.

Жогорку Кеңеш 28.12.23.

Жогорку Кеңеш 28.12.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: