Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары кармалды
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.
Мындан улам кылмыш иши козголуп, тергөөнүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.