super.kg logo

Түркияда тумандан улам 7 унаа кагылышып, 10 адам каза болду

 

Түркиянын түндүк-батышында жети унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 59у жаракат алганын TRT Haber агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, кырсык коюу тумандан улам болушу мүмкүн.

Сакария шаарынын башкы прокуратурасы билдиргендей, көзөмөл органы жол кырсыгына катышкан жети унаанын, анын ичинде үч автобустун жана бир жүк ташуучу унаанын айдоочуларын кармоого санкция берди. Буга чейин алты айдоочу кармалган. Жабыркаган бир айдоочу ооруканага жаткырылган, дарылангандан кийин кармалат.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа кырсыктын кесепетинен жабыркаган 59 кишинин 8инин абалы оор экенин билдирди.

Аймакта калың туман уланууда жана буга байланыштуу ички иштер министри Али Ерликая айдоочуларды өтө этият болууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: