ӨКМ: "Тоолуу унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт"
29-30-декабрь аралыгында Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, анын ичинен Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255- чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 86-101-чакырымдарында жана Кызыл-Бел – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
"ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет", - деп айтылат маалыматта.



