ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2023: Коён жылында ийгилик жараткан, наам алган атактуулар
2023-жылдын дагы аяктаарына саналуу гана күндөр калды. Жылды жыйынтыктап жатып SUPER.KG порталы узап бара жаткан жылдагы кыргыз элин кубанткан, сыймыктандырган жаңылыктарды топтоду.
Коён жылы кыргызстандыктарды кубанычка бөлөгөн жемиштүү жылдардан болду десек жаңылышпайбыз. Мамлекеттин желегин дүйнөгө желбиреткен жагынан балбандарыбыз алдыда, бирок шоу адамдары да кем калышкан жок. Дүйнөлүк сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырган артисттер болду. Бул жылы кайсы белгилүүлөрдүн эмгеги бааланып, мамлекеттик сыйлыктарга, наамдарга кимдер татыганын жана ийгилик жараткандарга сарасеп салып көрөлү.
Жыл сайын мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын" өлкөнүн көз карандысыздык мааракесине жана жаңы жылдык майрамына карата Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн ыйгарып келет.
НААМ АЛГАН ӨНӨР АДАМДАРЫ
Узап бара жаткан жылда президент Садыр Жапаров бир катар эл көзүндөгү адамдарга сыйлыктарды, наамдарды тапшырды.
Куудул, сатирачы Абдылда Иманкулов, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Шайымбек Кыдырмаев, оркестр артисти, кезинде “Бульварым” аттуу ырды аткарып жылдызга айланган Айша Базарбаева, Базарбайдын образын мыкты аткарган кино актёр Догдурбек Кыдыралиев жана башка бир катар маданият өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алышты.
SUPER.KG порталы өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн утурлай Эл артисти наамын алган Абдылда Иманкуловдун өзүнө байланышып куттуктаганда, бул жаңылыкты уга элек экенин билдирип кубанычы менен бөлүшкөн.
“Кайсы убакта аларымды билген эмесмин. Жайында документтериңизди тапшырыңыз дешти эле, тапшырып койгом. Бирок ушул жылыбы, кийинки жылыбы анысын билбейт элем. Туура баалагандарына, комиссиянын курамына, ким мен үчүн макул болгон болсо баарына рахмат айтам. Сыйлыктын эрте-кечи болбойт, эң негизгиси көзүмдүн тирүүсүндө алсам болду,” – деген ал.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын композитор Аскар Карыбаевдин жубайы, эстарада ырчысы Чолпон Алсеитова алды.

Ошондой эле мамлекет башчысынын колунан эстрада ырчысы Нурлап Насип менен Жумагүл Раимжан кызы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Нурлан Насип "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын төрт жолку ээси болгон.
Ал Токтогул районундагы Терек-Суу айылында 1990-жылы туулган. 1997-жылы өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек орто мектебине кирген. Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттык аспаптар бөлүмүнө кирип, аны 2010-жылы бүтүргөн. Алгач сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан.
Кыргыз Эл жазуучусу наамы белгилүү драматург жана журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кайрат Иманалиевге берилди. Сыйлыкты "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров тапшырды.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Иманалиев Кайрат Олжобаевич Бишкек шаарында 1977-жылы 29-ноябрда туулган.
Ал бир канча драма жана китептердин автору.
Коён жылы кыргыз маданиятына чоң салымын кошкон белгилүү инсандар - режиссёр Шер-Нияз Садык жана жазуучу Султан Раев үчүн да ийгиликтүү жыл болду.
Шер-Нияз Садык өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекет башчысынын I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Ал учурда Кыргызстандын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматын аркалайт.
Ал эми “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевге “Данакер” ордени ыйгарылды.
"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйлангандар:
- Жаңылай Исакова - актриса, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти.
Жаш актриса үчүн да коён жылы жемиштүү болуп, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты аталды.
Исакова 1993-жылы Ош шаарында чыгармачыл үй бүлөдө төрөлүп өскөн. Атасы - КР эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаков. Апасы - жазуучу, драматург Гүласал Алиева.
"Балалыгым Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драмтеатрында өткөн. Атам театрда иштегендиктен, үйүбүз дагы жакын болгондуктан, атайы спектакль, репетиция көргөнү көп барчумун. Мени үйдөн таппай калышса эле театрдан издешчү. Үй бүлөдө эки бир тууганбыз. Эжем спорт жагында ийгиликтерди жараткан болсо, мен атамдын жолун жолдоп актриса болдум", - деген маектеринин биринде актриса.
2. Эрмек Керимбаев - бийчи, "NG dance" бий студиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси.
Ал мындай сүйүнүчтүү кабарды кыргыз элине социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Ээх, канча жыл! Канча?! Сүйүнчү, достор! Бүгүн мага "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси жана Ардак грамотасы ыйгарылды", -деп жазган бийчи.
Керимбаев былтыр кесиптеши, шакирти Акмарал Турдуевага баш кошкон. Ушул жылдын 13-декабрында бийчилер уулду болуп, ата-эне статусуна ээ болушту.
Ал эми эстрада ырчысы Акбар Сүйүнбаевге Кочкор районунун "Ардактуу атуулу" төш белгиси ыйгарылды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал атуулдук сыйлыгын маркум атасынын жаркын элесине арнай турганын билдирген.
"Өзүң туулуп өскөн элиңден мындай сыйлык алуу өзгөчө сыймык жана жоопкерчилик экени талашсыз! Атуулдук сыйлыгымды атам Сүйүмбаев Темирбек Ильяс уулунун жаркын элесине арнайм! Атам Кочкор элинде орду бийик, чынчыл, эмгекчил элет жериндеги маданияттын чыныгы үлгүсү эле", - деп жазды ырчы.
Ал билдирүүсүндө ага колдоо көрсөткөн инсандарга ыраазычылык билдирген.
"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып чыгармачылык жолумда мага акыл кебин айткан агай, эжейлериме, өнөр жолундагы улуу устаттарыма, досторума, кесиптештериме, ар дайым колдоо кылган бир туугандарыма, D Billions жааматына, жалпы Кочкор элине чын дилимден ыраазычылык билдирем", - дейт ырчы.
СЫЙЛЫК АЛГАН АТКАМИНЕРЛЕР
Жарлыктын негизинде III даражадагы "Манас" ордени Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев менен коомдук ишмер Бакирдин Субанбековго берилди.
Ошондой эле жогорку кеңештин депутаты Талайбек Масабиров "Данакер" орденин алса, сегиз кишиге "Даңк" ордени берилди. Алардын арасында Бишкек шаарынын мурдагы мэри, президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков бар.
"Даңк" медалын 16 киши алды. Арасында Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев, президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун илимий кызматкери Автандил Арабаев, акын жана журналист Абдулаат Дооров жана башкалар бар.
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫН АЛГАНДАР
28-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” президенттик жаштар форумунун алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Анда сыйлыкты ээлерине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.
Сыйлыкка ар тармактагы бир катар жаштар татыды.
- “Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик” номинациясы боюнча: Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов - лауреат;
- “Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясы боюнча: "Азаттык" радиосунун кабарчысы Айгерим Акылбекова - лауреат;
- “Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик” номинациясы боюнча: Ырчы Мукамбет уулу Аксайбек - дипломант;
- “Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы” номинациясы боюнча: актриса Жаңылай Исакова - дипломант.
Белгилей кетсек, сыйлык кыргыз өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы токтому менен негизделген. Аталган сыйлык менен дагы кимдер сыйланганын шилтемеден окуй аласыз.
КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЖЕЛБИРЕТКЕНДЕР
Мамлекеттин желегин бийик желбиреткен сап башында спортчулар турат.
Быйыл балбандар Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бекем эркти көрсөтүп, сыноолордон намыскөйлүк менен ийгиликтүү өтүштү. Жыйынтыгында Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы баш болгон бир катар спортчулар “2024-жылы Парижде өтө турган 33-жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алышты.
Миллиондогон кыргызстандыктарды чексиз кубанычка бөлөп, демине-дем, күчүнө күч кошуп, өлкө үчүн, спортчулар үчүн сыймыктануу сезимдерине толтурган жеңүүчүлөргө мамлекет башчысы төмөндөгүдөй өлчөмдөгү акчалай сертификаттарды тапшырды:
- Алтын тагынган спортчулар Айсулу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков 1 миллион сомдон алышты;
- Күмүш медаль алган Айпери Медет кызы - 750 миң сом;
- Коло медалга ээ болгон Тайырбек Жумашбек уулу — 500 миң сом.
Ошондой эле спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Эл артист, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды. Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус тапшырды.
Элчи өз сөзүндө режиссёрдун чыгармачылыгы менен таанышы бар экенин, ошондой эле Актан Арым Кубаттын тасмалары Франциянын кино театрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын баса белгиледи.
Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кыргыз кинорежиссёру Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон.
Эске салсак, аталган даражалуу сыйлык 1957-жылы Францияда негизделген. Ал Францияда жана дүйнөдө искусство жана адабиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкондорго ыйгарылат. Буга чейин аталган сыйлык дүйнөдө саналуу гана инсандарга ыйгарылган.
Ушул жылы коңшу Казакстанда төкмө акын Арген Биймырза уулу жеңишке жетип, өлкөнүн желегин желбиретти. Ал боордош өлкөнүн Таскала районунун 90 жылдыгына арналган "Тамыры терең Таскала" аттуу Эл аралык айтышта баш байгени багындырды.
Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акыны Арген Биймырза уулу Эл артисти маркум Элмирбек Иманалиевдин акындык өнөр мектебинде тарбияланган, анын шакирттеринин бири. Учурда ал Кыргыз улуттук "Манас" театрында эмгектенет.
Мындан тышкары ырчылар Азат Раимбердиев менен Бек Исраилов Россиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык долбоорунда катышып, финалга чыгышкан.
Анда Исраилов Филипп Киркоровдун "Немного жаль" аталышындагы ырын аткарып, калыстардын 93 упайына ээ болсо, Азат Раимбердиев Imagine Dragon рок-тайпасынын Believer чыгармасын аткарып, 100 упай алган.
Жыйынтыгында Азат Раимбердиев аталган долбоордо 2-орунга ээ болсо, Бек Исраилов 4-орунга татыган.
Ошондой эле эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Орусияда өткөн "Дүйнө айымы" сынагында баш байгени багындырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ураа! Жеңиш биздики. Аллахымдын каалоосу, элибиздин батасы менен "LADY WORLD" сынагында баш байгени утуп, "Дүйнө айымы" аталдым", - деп жазган ал.
"Чынын айтсам мен барганда эле аябай таң калдым. Себеби уюштуруучулар айтышты "Сенин сүрөтүңдү чыгарганда эле 9 айым баш тартышты" деп. Мен аябай таң калдым. "Неге баш тартышат?" десем "Ушул айым утат экен деген ой болду" деп айтышыптыр. Мен аябай сүйүнүп калдым. Бирок өзүмдү алдай бербейин деп өзүмө сөз бердим", - деди Айгерим Расул кызы.
Ошондой эле аталган сынакка Кыргыз өлкөсү биринчи жолу катышып, ага алгачкылардан болуп катышканына сыймыктанарын айткан.
Сочиде өткөн "Дүйнө айымы" сынагына 12 өлкөдөн 40 катышуучу катышкан. Сынак кийинки жылы Кыргызстанда өтөт.
кошулду



