УКМК: "Базарлардагы негизсиз акча чогултуулар аныкталды"
“Дордой”, “Ак-Суу”, “Алкан” жана “Кербен” базарларынын жетекчилери соодагерлерден негизсиз акча чогултуп келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган соода борборлорунун жооптуу адамдары кыш мезгилинде жылытуу шаймандарын колдонууга уруксат берүү үчүн 100 доллардан 300 долларга чейин алып турганы аныкталган.
Соодагерлер жылытуучу шаймандарды уруксатсыз пайдаланган учурда аларга айып пул салып турушкан.
"УКМК тарабынан базар жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алар жылытуучу шаймандарды пайдалангандыгы үчүн ишкерлерден акча чогултууну токтотууну, ошондой эле бардык соодагерлерге эң ыңгайлуу шарттарды түзүүнү убада кылышты. Мындан тышкары, базардын администрациялары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз чогултууларды кылган айрым кызматкерлерди кызматынан бошотуу боюнча чечим кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.
