UWW: "Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды"
Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын эң доминант балбаны деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
Белгилүү болгондой, балбан узап бара жаткан жыл ичинде 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес. Ал Азия жана Дүйнө чемпиондугунда, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан.
Махмудов беттештердин 55 пайызын мөөнөтүнөн мурда упай боюнча же атаандашынын далысын жерге басуу ыкмасы менен жеңген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.