Аткезчилик жолго бөгөт коюлуп, миңдеген телевизор жана телефондор мамлекетке алынды







Бүгүн, 29-декабрда УКМК Аткезчилик жүктөрдү мыйзамсыз ташуу боюнча түзүлгөн ири каналга бөгөт коюлганын билдирди.
Маалыматка караганда, атайын кызмат Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу аткезчилик жүктөрдү ташуу үчүн жергиликтүү тургундар тарабынан уюштурулган каналды аныкталган.
Тинтүү учурунда алардан өлкө аймагынан тышка алып чыгуу жана алып кирүүгө багытталган товарлар табылган. Мыйзамсыз ташууга чыкчу товардын наркы 93 миллион 441 миң 460 сомду түзөт. Анда 4378 даана телевизор, 3162 даана уюлдук телефон, 265 дөңгөлөктөр, 2,5 тонна жез болгон.
Үстүбүздөгү жылдын 18-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен айыпталуучуларга тиешелүү болгон 93 миллион 441 460 сомдук товарлар мамлекетке өткөрүлүп берилген. Ал эми соттолуучулар Э.Ш., А.у.А., И.А., И.А., С.у.Э., А.Т., А.Н. жана С.С. аттуу жарандар кызмат адамына пара берүү боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 1 миллион 550 000 сом төлөө айыбы тагылган.
Ошондой эле акцизсиз тамекилерди саткандыгы үчүн 8 миллион 804 220 сом өлчөмүндө айып салынган.
