super.kg logo
  Саясат  

Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзам 29-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү, энергетика тармагын өркүндөтүү, ошондой эле жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды киргизүү жана ЭКБ чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнести колдоо жолу менен экономиканы туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.

Жалпысынан бул мыйзам ЭКБнын негизинде микрогенерация парник газдарынын жана зыяндуу заттардын чыгындыларын азайтууга, электр энергиясын үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Мыйзамда микрогенерациялоочу объекттерден электр энергиясын сатуу лицензияланууга тийиш эместиги тууралуу ченем каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: