Казакстан талибдерди тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарат
Коңшу Казакстан Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарат. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров билдирген.
"Казакстан тыюу салынган террордук уюмдардын улуттук тизмесин такай жаңыртуу үчүн карап турат. Бул процесстин алкагында БУУнун практикасына ылайык, тизмеден талибдерди чыгаруу чечими кабыл алынды", - деген Смадияров.
Анын айтымында, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аткарууга милдеттүү резолюцияларына ылайык, "Талибан" кыймылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши террордук деп тааныган уюмдардын тизмесине кирген эмес.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргызстандын аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.