super.kg logo

Бишкекте бомба тууралуу маалымат таратып келген жарандар кармалды

 

Жардыруучу заттар коюлган деген анонимдүү телефон чалууларды уюштуруп келгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, издөө иштеринин жүрүшүндө 2009-жылы туулган Ж.Д.А., 2008-жылы туулган М.М.У., Д.Д.Б. жана К.А.А. аттуу өспүрүмдөр кармалган. Алар 30-ноябрда жана 18-декабрда чет элдик абонент аркылуу Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептердин даректерине жарылуучу заттар орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүүлөрдү уюштурушкан.

Кармалгандардын бул аракеттери бейбаштык мүнөздө окуу процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, кармалгандар мыйзамга ылайык жазага тартылат.

"УКМК мындай жосундар үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) ылайык 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскертет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: