Ош жана Бишкек шаарынын мэрин шайлоо күнү бүгүн билинет
Бүгүн, 18-декабрда Ош жана Бишкек шаарларынын мэрин шайлоочу күн аныкталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 17:00гө Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму болот. Анда сүйлөшүүлөрдүн негизинде аталган эки шаардын мэрлиги үчүн шайлоо өткөрүү каралып, күнү бекитилмекчи.
Эске салсак, бул эки шаардын мэрлери ушул айдын баштарында кызматтарынан кетишкен. Алгач 4-декабрда Иса Өмүркулов креслосун бошотсо, арадан көп өтпөй Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов кызматынан бошотулган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
1

