super.kg logo

Түркиядагы Узун көл – Трабзондун бермети 

 

Узун көл – Түркиядагы эң кооз көлдөрдүн бири. Трабзон шаарынын Чайкара районундагы Соганлы тоосунда жайгашкан. Узуну 837 метр, туурасы 279 метр. Эң терең жери – 5,8 метрди түзөт. Жыл мезгилине жараша Узун көлдө суунун деңгээли бирде жогорулап, бирде азайып турат. Деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте, укмуштай кооз жаратылыштын коюнунда орун алган.

Көл кантип жаралган?

Узун көл – чет элдик туристтердин гана эмес, жергиликтүү калктын да эс алууга ыктаган сүйүктүү жери. Маалыматтарга таянсак, аталган көл байыркы доордо жер көчкүдөн кийин, тоо породасы дарыянын нугун бөгөп калгандан улам жаралган. Айланасындагы ак карлуу бийик тоолор көлгө өзгөчө көрк кошуп турат.

Эмнелер бар?

Көл жээги кооз үйлөргө, мейманкана, кафе, дүкөндөргө толо. Атайын тепкич аркылуу жогору көтөрүлүп айланага көз жүгүртүү аянтчасына чыксаңыз болот. Жыгачтан курулган үйлөр көп, ошондуктан бул жердеги архитектура “Кара деңиз стили” деген аталышка ээ. Көлдү жээктей жөө басып же “прокатка” велосипед алып айыл ичин кыдырсаңыз болот. Же токой аралап мээ сергите аласыз.

Кантип бара аласыз?

Узун көлгө Трабзон жана Ризе шаарларынан автобус же жеңил автоунаада бара аласыз. Мисалы, Трабзон шаарынан көлгө чейин 100 чакырымдык жол. Демек, унаада 2 саатка жетпеген аралык. Ал эми аталган эки шаарга кантип жетем десеңиз, экөөндө тең эл аралык аэропорт бар. Стамбул же Анкара аркылуу учсаңыз болот.

Тамак-ашы

Конок ээлери сөзсүз түрдө Трабзон менюсунун негизги тамактарын сунушташат. Мисалы, хамсили – хамси балыгы кошулуп жасалган палоону. Андан тышкары, мыхламанын даамын татып көрүүнү сунуштайбыз. Бул тамакты жергиликтүүлөр куймак деп да аташат. Жүгөрү уну жана сырдан жасалган бул жеңил, тоюмдуу тамактын даамы өзгөчө. Анан албетте, түрк чайын ичирмейинче сизди дасторкондон тургузушпайт.

Сулуулукка кошумча түс берген имарат

Узун көлдүн жээгиндеги мечит туристтерди кызыктырган жайлардын бири. Айрыкча жаратылышты сүрөткө тартууну сүйгөндөр үчүн табылгыс имарат. Анын фонунда Узун көлдүн сулуулугу огобетер артат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: