super.kg logo

Баткенде бүгүн 9 объект пайдаланууга берилди (фото)

 
Бүгүн, 30-декарда Баткенде 9 объект ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы "Булак-Башы" орто мектебинин ачылуу аземине катышып, айыл тургундарын жаңы жыл алдындагы кош майрам менен куттуктады.
Облус башчысы бүгүн облустун аймагында 7 объект онлайн, 2 объект офлайн режиминде ачылып жатканын белгилеп, имараттар элибиздин жыргалчылыгы,бакубатчылыгы үчүн кызмат кылсын деген каалоосун билдирди.
Абдикарим Алимбаев Лейлек районунан туруп, облустагы жети объектин онлайн ачты.
Ыйгарым укуктуу өкүл өзү 225 орундуу Булак-Башы орто мектебинин лентасын кесип, мектептин шарттарын көрүп чыкты. Мектепте заман талабына ылайык окуу эмеректери менен толук жабдылып,келечек муундун татыктуу билим алуусу үчүн жетиштүү шарт түзүлгөн.Билим уясынын курулушуна мамлекеттик казынадан 98 миллион сом жумшалган.
Ал эми жер-жерлердеги объекттердин ачылуу пземине жергиликтүү жетекчилер, жергиликтүү тургундар катышты.
Алар:
-Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы 225 орундуу "Лейлек" орто мектеби.Курулушка республикалык бюджеттен 74 миллион сом каржыланган.
-Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы 225 орундуу "Алга"орто мектебине республикалык бюджеттен 116 миллион сом жумшалган.
-Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 миллион сомдун алкагында курулду. Республикалык бюджеттен 5миллион, жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 400 миң сом жумшалган ишканада 10 жумуш оруну түзүлгөн. Учурда ишкана аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо.
-Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы тигүү цехине облусту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында каралган 500 миллион сомдун эсебинен 3 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 700 миң сом бөлүнгөн.
-Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы кийим жана килем тигүү цехи да облусту өнүктүрүүгө каралган 500 миллион сомдон 4 миллион сом ажыратылып, жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 300 миң сом кошумчалаган.
-Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы 275 орундуу Т.Мадарипов атындагы орто мектептин курулушуна мамлекеттик казынадан 93 миллион сом сарпталды.
-Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы оорукана республикалык бюджеттен 65 миллион сомго курулуп, калктын саламаттыгына кам көрүү үчүн бардык шарттары түзүлгөн. Ооруканага балдар бөлүмү, балдар реанимациясы жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жайгаштырылууда. Бүгүн ачылган оорукана январь айынын экинчи жумалыгынан баштап бейтаптарды кабыл ала баштайт.
-Баткен шаарындагы мал базары офлайн түрүндө ачылып, бүгүн ишин баштады. Жергиликтүү бюджеттен 22 миллион сом жумшалып, 1.5 гектар жер ажыратылган. Заманбап мал базарда бардык шарттар түзүлгөн.
Мындан сырткары облусту өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен ажыратылган 500 миллиондун алкагында Баткен районунун Бужум айылында 8 миллион сомго 2 тике суу кудугу,
Достук айылында 4 миллион сомго 1 тике суу кудугу,
Ак-Сай айыл аймагында 8 миллионн сомго 2 тике суу кудугу, Ак-Татыр айыл аймагында 12 миллион сомго 3 тике суу кудугу курулуп пайдаланууга берилди.
Ак-Татыр айылында кондитердик цех 3 миллион сомго оңдоп түзөөдөн өттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: