super.kg logo

"Эки уул, эки кызы калды". Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жашында каза болду

 

Бүгүн 31-декабрда, Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын орун басары Шухрат Айтиев каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маркумду жерге берүү тажиясы эртең, 1-январда саат 13:30да Жалал-Абад шаарында болот.

Шухрат Айтиев Акыйкатчынын орун басары болуп, 2023-жылы июнь айында дайындалган. Буга чейин Жалал-Абад облусунун журналистика борборунун директору, Жогорку Кеңеште сектор башчы, ошондой эле Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору болуп эмгектенген.

"Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана институттун жалпы жамааты Шухрат Анваровичтин жакындарына жана үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Бул оор жоготуу. Шухрат Айтиев боорукер жана ак көңүл адам катары эсибизде. Ал мыкты юрист катары адам укуктарынын корголушуна чоң салымын кошуп кетти.

39 жашында кайтыш болгон Шухрат Анваровичтин артында жубайы эки уул жана эки кызы калды", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: