Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн район акимдеринин жолугушуусу өттү
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген делегациялардын кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-январда мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттиги Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиргенин жазды.
Маалыматка караганда, тараптардын жолугушуусу 31-декабрда Баткен районунун Кызыл-Бел өткөрмө бекетинде өткөн. Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин башчысы катышкан.
Тараптар жолугушууда чек ара, укуктук тартип, күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан сырткары, эки элди түрдүү чагымчыл чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда туруктуулукту сактоо жактары жана жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу бир топ чараларды көрүү жагы макулдашылды.
Алар:
- чек аралаш аймактарда түрдүү чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча эки тараптуу укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө;
- атайын кайгуулдарды уюштуруу;
- эл көп топтолгон жерликтерде ыкчам тиешелүү чараларды көрүү;
- өрт жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча пиротехникалык каражаттарды эки тараптын элдеринин арасында колдонбоо;
- кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана майрам күндөрү коомдук, коопсуздукту сактоо.
Ошондой эле тараптар 2024-жылда эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча кенен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
