super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн район акимдеринин жолугушуусу өттү 

 

Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын кезектеги жолугушуусу болду. Бул туурасында Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин башчысы катышты.

Тараптар жолугушууда чек ара, укуктук тартип, күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлдү.

Андан сырткары, эки элди түрдүү чагымчыл чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда туруктуулукту сактоо жактары жана жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу бир топ чараларды көрүү жагы макулдашылды.

Алар:

- чек аралаш аймактарда түрдүү чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча эки тараптуу укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө;
- атайын кайгуулдарды уюштуруу;
- эл көп топтолгон жерликтерде ыкчам тиешелүү чараларды көрүү;
- өрт жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча пиротехникалык каражаттарды эки тараптын элдеринин арасында колдонбоо;
- кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана майрам күндөрү коомдук, коопсуздукту сактоо.

Ошондой эле тараптар 2024-жылда эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча кенен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: