super.kg logo

Ошто 15 жаштагы Элербек дайынсыз болууда

 

Ошто 15 жашар бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ноокат РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-декабрь күнү Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын Чили-Сай айылынын жашоочусу 2008-жылы туулган Рахманалиев Элербек Мадаминжонович саат 16:00дө жогоруда көрсөтүлгөн даректен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Аталган окуя каттоого алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Анын бою 150-155 сантиметр, үстүндө кызыл джемпир, көк түстөгү фудболка, кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим болгон.

Анын жакындары жалпы өлкө аймактарындагы жашоочулардан, өзгөчө Ош облусунун Ноокат районунун тургундарынан, сиздер жашаган аймактардагы кароосуз калган жерлерди дыкат карап, айланаңыздарга көз салып берүүңүздөрдү өтүнөт.

Эгерде аны көргөн билгендер болсо, төмөнкү уюлдук номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранат.
(03230) 52-102. 0776-30-31-03. 055730-31-07.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: