Өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул 100 пайызга жогорулады
Өлкөдө 2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 100 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Мыйзамга ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100 пайыз өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат.
2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмүн 11-жумуш күнүнөн тартып 10 эсептик көрсөткүчтөн 20 эсептик көрсөткүчкө чейин жогорулатуусу каралган. Башкача айтканда, жөлөк пулдун өлчөмү 100 пайызга жогорулады (1000 сомдон 2000 сомго чейин).
Жогорулатууга чейин жөлөк пулдун орточо өлчөмү 3 600 сомду түзсө, 2024-жылдын 1-январынан тартып 7 500 сомду түзөт.
Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду төлөө толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө жүргүзүлөт.
