super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө эс алууга кеткени тууралуу кабарды төгүндөдү (видео)

 
Бүгүн, 2-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда экенин айтып, чет өлкөгө эс алууга кеткени тууралуу кабарды төгүндөдү.
Буга чейин социалдык тармактардагы айрым колдонуучулар УКМК төрагасы чет жакка эс алууга учуп кеткенин жазышкан. Бирок Ташиев эл эс алып жатканы менен өкмөт 1-январда эле иштеп баштаганын белгилеген.
"Биз бүгүн 2-январда эмес, кечээ, 1-январда эле жумушту баштаганбыз. Ошто "Альфанын" кызматкерлери менен жолугуп, ушул эле күнү Жалал-Абадда да жолугушуу өткөрүп, бир катар жаңы тапшырмаларды коюп келдик. Бүгүн Сузак районуна президенттин атынан техникаларды тапшырдык. Бизде жумуш токтобойт, бизде майрам деген болбойт.
Соцтармакта көптөгөн жалган маалымат тарата беришет. Ага эл ишенбеши керек. Мына, 2-январда мен Сузак районунда турам. Мен эч качан чет жакка чыгып эс алган эмесмин. Андай адам эмесмин. Чет жакка жумуш менен же ден соолукка байланыштуу эле барабыз", — деген Ташиев.
Эскерте кетсек, Ташиев бүгүн, 2-январда Сузак райондук милициясына 12 автоунаа тапшырды.





Камчыбек Ташиев Кыргызстанда экенин айтып, чет өлкөгө эс алууга кеткени тууралуу кабарды төгүндөдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: