super.kg logo
  Саясат  

Аянтка Жогорку Кеңеш бекиткен туу эмне үчүн илинген жок? Президенттин маалымат кызматы жооп берди

 

Бишкек шаарындагы борбордук аянтка илинген туу коомдук талкууну жаратып, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Анда жарандар Жогорку Кеңеш бекиткен эмес, башка желек орнотулганын айтышкан. Буга байланыштуу бүгүн, 3-январда президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү калтырды.

Анда Орунбеков Жогорку Кенеш кабыл алгандан кийин, министрлер кабинети толуктоо менен акыркы вариантын токтом менен беките турганын айткан. Мындан сырткары, мурда нурлары түндүккө тийбей турган болсо, азыр 40 нуру түндүккө тийгизилип бириктирилгенин билдирген.

"Элдер жаңы жыл тосуп, жакындары менен жолугуп, жакшы тилектерин айтып жатса - айрымдар жылдын алгачкы босогосун жалган маалыматтарды таратуу менен баштап жатышат. Аянттагы туунун бир нуру бүктөлүп калган учурун сүрөткө тартып алып, 39 эле болуп калыптыр деп.

Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат. Ар кандай кырдаалдан кыйкым издегендер го мейли, адекваттуу эле досторубуз алардын манипуляциясына ишенип алышыптыр. Үйдө отуруп алып ушактарды талкуулабай, барып эсептеп койсоңуздар болот", - деп жазган Орунбеков.

“Ала-Тоо” аянтына жаңыланган туу 1-январда илинген. Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген.
Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.
Желектин элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Бул демилге коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан. Аны Жогорку Кеңеш 20-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: