super.kg logo

Камчыбек Ташиев Ноокендин тургунуна өздүгүн тастыктаган документтерди тапшырды

 

Бүгүн, 3-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну Жээнбек Султановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалымдалгандай, Жээнбек Султанов 2023-жылдын август айында ЖМК аркылуу Камчыбек Ташиевге кайрылган болчу. Султанов өз кайрылуусунда анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирген жана ага жардам берүүнү суранган.

28 жаштагы жарандын ушул күнгө чейин эч кандай документтери болгон эмес. Анткени, Жээнбек Султанов 1995-жылы Ноокен районунун Сакалды айылында үй шартында төрөлгөн жана ага ушул күнгө чейин өздүгүн тактоочу документ ыйгарылган эмес жана мектепте билим алууга да мүмкүнчүлүк болбогон.

Үй-бүлөлүү. 2 баланын атасы. Жээнбек Султановдун паспорту жок болгондугуна байланыштуу балдары жубайынын атына катталып турган. Жубайы жалгыз бой эне катары эсептелип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: