super.kg logo

Туманбаев: "2025-жылы "Ала-Арча" паркынын ичине автоунаа киргизилбейт"

 

2025-жылы "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын ичинен автоунаа киргизилбейт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында мындай чара парктын экологиясын сактоо максатында көрүлүүдө.

"Жаңы жыл дагы бир кубанычтуу жаңылык! "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы эски музейдин кеңсеси толук реконструкциядан өтүп, жогорку класстагы мейманканага айланды.

Аталган имарат абдан кейиштүү абалда болгон, учурда бардык шарттары менен жаңыланды.

Президентибиздин жеке демилгеси менен "Ала-Арча" паркында акыркы жылдары бир топ иштер жасалууда. Бул жумуштар 2024-жылы дагы уланат", - деп жазды Туманбаев.

Ал коноктор үчүн бардык шарттар түзүлө турганын баса белгилеген.

"Парктын кире беришине 5000 машинеге ылайыктуу унаа токтотуучу жай курулат, ал эми конокторду ташууга атайын экологияга зыян келтирбеген көлүктөр алынат.

Ал эми парктын кызматкерлеринин айлык акылары жогорулайт, аталган демилгени президентибиз өзү кубаттады. Бул кадам меймандарды сапатуу тейлөөгө жана кызматкерге кам көрүүгө багытталды" - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: