super.kg logo

Ички иштер министрлигине 66 техника тапшырылды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине техникаларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМге 66 техника тапшыруу салтанатында Министрлер кабинетинин төрагасы акыркы эки жылда республика боюнча ички иштер органдарында 42ден ашуун жаңы имарат курулганын жана 200гө жакын имарат оңдоодон өткөрүлгөнүн белгиледи.

Ар бир милиция бөлүмдөрүндө атайын камералар орнотулган. Санариптештирүүнүн алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында республикалык бюджеттен 800 даана сервердик жабдыктар, видеорегистраторлор, планшеттер, 1200 даана төш-камералар алынган. Ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө унаалар жаңыланып, милициянын 59 көчмө кабыл алуу пункттары иштеп жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы бир топ жогорулатылды. Алсак, 2019-жылы милициянын катардагы инспектору 24 миң сом алса, азыр 45 миң сом алат. Баткенде милициянын катардагы инспектору 2019-жылы 24 миң сом алса, азыр 80 миң сомдой алат”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, бул иш-чараларга ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү да катышты, Акылбек Жапаров алар менен биргеликте ИИМдин аллеясына көчөт отургузду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: