super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Жапониядагы зилзалада каза болгондорго көңүл айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын парламентинин эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Фукусиро Нукагага жана Кеңешчилер палатасынын төрагасы Оцудзи Хидэхисага жер титирөөдө көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жапония мамлекетинде катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан сиздерге, каза болгон маркумдардын жакындарына жана жалпы жапон элине көңүл айтып, табигый кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”-деп билдирди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: