super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Эбрахим Раисиге Керман шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

"Керман шаарында болгон террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм", - деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, кечээ, 3-январда Ирандын Керман шаарында Сулейманинин көрүстөнүнө жакын жерде кош жардыруу болгон. Анда 100дөн ашуун адам каза болду.

Маалыматтарга караганда, жардыруулар Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгына арналган салтанатка чогулган маалда орун алган.

Касем Сулеймани 2020-жылы АКШ тарабынан жасалган аба соккусунун натыйжасында Иранда каза болгон. "Аль Кудс" күчтөрүн башкарган Сулеймани Ирандын Жакынкы Чыгышка таасиринин жайылышында маанилүү роль ойногон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: