super.kg logo

Казакстанда автобус 10 жеңил унааны сүзгөн жол кырсыгы катталды (видео)

 

Бүгүн, 4-январда Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус 10 жеңил унааны сүзүп, жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, болжол менен саат 10:45 чамасында Жамбыл облусунун Тараз шаарында көчөлөрдүн биринде орун алган. Видеодон автобус каршы тилкеге ​​чыгып, бакты андан кийин токтоп турган жеңил унааларды сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

"Жол кырсыгы катталган учурда автобуста 10 жүргүнчү болгон. Алардын бири 56 жаштагы аял алган жаракаттары менен ооруканага жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда автобустун айдоочусуна карата сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.






Казакстанда автобус 10 жеңил унааны сүзгөн жол кырсыгы катталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: