super.kg logo

Бишкекте ден соолукту чыңдоочу медициналык борбордун курулушу мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүүдө

 

Бишкектин 7-кичирайонундагы ден соолукту чыңдоочу медициналык борбордун курулушу мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, Бишкектин тургуну Фейсбук баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусуна ыкчам жооп берүү максатында, Мамкурулуш агенттигинин кызматкерлери курулуш иштери жүрүп жаткан курулуш объектисине жерине чыгып, текшерүү жүргүзүштү.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында, “7-кичирайонунун, 33/3 дарегиндеги 3 кабаттуу ден соолукту чыңдоочу борборунун курулуш иштери жеке менчик жер тилкесинде жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталып, курулуш иштерин жүргүзүүгө бардык тийиштүү уруксат кагаздары бар болуп чыкты. Мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу алынганы жана бүгүнкү күндө курулуш иштери мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды",-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: