super.kg logo

2023-жылы Ошто 56 жаңы өнөр жай ишкана ачылды

 

2023-жыл ичинде Ош облусунун аймагында 56 жаңы өнөр жай ишканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ага ылайык, 1000ге жакын жумуш орундары түзүлгөн.

Жалпысынан облустун өнөр жай тармагында 15 миллиард 931,3 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн. Кызмат көрсөтүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 171,5 миллион сомго көбөйгөн.

"Ош облусунун өндүрүш тармагы быйыл туруктуу өсүштү жана олуттуу жетишкендиктерди көрсөттү. Тармактын келечектүү тенденцияларына таянып, кийинки жылы дагы да таасирдүү натыйжаларга жетиши күтүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: