2023-жылы канча ымыркайга сүйүнчү пул берилгени белгилүү болду
2023-жылы "Балага сүйүнчү" жөлөк пулу 146 миң 633 ымыркайга төлөнүп, ага республикалык бюджеттен 584 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, бул сумманын ичинде бир эле мезгилде үч эм жана андан көп төрөлгөн бөбөктөргө берилген акча да бар.
2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы "балага сүйүнчү" жөлөк пулун каржылоо 61,2 миллион сомго көбөйгөнү кошумчаланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом чегерилет. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда "сүйүнчү акча" ар бир бөбөккө 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулун алуунун жолу:
- "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек;
- арызды бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшыруу керек;
- акча арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт;
- ата-эне акчаны РСК жана «Айыл банктын» каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө ала алат.
"Арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл. Себеби акча которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС-билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт
Суроолор боюнча 0312 312 502 номерине чалууга болот",-деп айтылат маалыматта.
