super.kg logo

Арстан Алайдын кызы атасы өз жанын кыймак эместигин айтты

 

Абакта каза болгон Арстан Алайдын кызы Аксана Арстанбекова атасы өз жанын кыймак эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" берген маегинде айтты.

Анын айтымында атасы Арстанбек Абдылдаевге коюлган айып олуттуу эмес болгондуктан, камактан кооптонгон эмес. Туугандарынын тынчсызданбоосун да жактоочу аркылуу жеткирген.

"Сот Бишкек шаардык сотунда саат 15:00дө өтүшү керек болчу, бизге "Сот ачык болот, аны ошол жерден көрө аласыңар" деп айтышкан. Бирок конвойлор аны алып келишкен жок. Саат 12:00дө СИЗОдон 31-колонияга которулду. Жактоочулар менен тергөөчүлөр да эмне себептен которулганын билишпейт. Бул бизге табышмак болуп калды.

Түнү менен уктай албай, басып жүргөндүктөн улам которушканын айтышты. Бирок бул чыныгы себеби болушу мүмкүн эмес. Тергөөнү УКМК жүргүзүп жатат, бирок алар УКМКнын СИЗОсуна эмес, №1 СИЗОго жөнөтүшкөн болуп жатат. УКМКнын СИЗОсунда орун жок имиш. Бул дагы суроолорду жаратууда", - деди Арстанбекова.

Ошондой эле ал атасынын руху күчтүү болгондуктан мындай ишке барбастыгын айтып, бул атайын пландалган нерсе деп эсептеди.

Абдылдаевдин жакындары анын өлүмүн териштирүүнү талап кылышууда.

Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.

ЖАКтын маалыматына ылайык, ал 15-декабрда Кылмыш-жаза кодекстин 94-беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: