super.kg logo

Легендарлуу мушкер Александр Емельяненко өзүнө арабча ысым тандады (видео)

 

Орусиялык белгилүү мушкер Александр Емельяненко күйөрмандарын атын өзгөртүү тууралуу ою таң калтырды. Тиешелүү видео оор салмактагы мушкердин социалдык тармактарында жарыяланды.

"Арабча ысымды дагы тандаш керек!" - деп Абубакар деген атты мушкерге сунуштады видеонун автору.

"Мен андан эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун, бул эң сонун ысым. Эми мен Абубакар болом", - деди Емельяненко.

Өткөн шаршемби күнү Александр Емельяненко Медина шаарындагы Мухаммед пайгамбардын сөөгү коюлган Аль-Масжид ан-Набави мечитине зыярат кылган видеосун жарыялаган.

Оор салмактагы мушкер акыркы жарым жылды Ингушетиядагы реабилитациялык борбордо өткөрүп, алкоголдук ичимдиктен арылуу үчүн дарыланган.

Буга чейин интернетте 42 жаштагы мушкер ислам динин кабыл алган деген имиштер пайда болгон, бирок Емельяненко бул маалыматты тастыктаган эмес.






Емельяненко өзүнө арабча ысым тандады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: