Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө (фото)






Бүгүн, 7-январда Бишкек шаарында абакта каза болгон Арстанбек Абдылдаевди (Арстан Алай) акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Анда чакан митинг уюштурулуп, маркумдун жакындары сөз сүйлөп жатышат.
Арстан Алайдын сөөгү Орок айылындагы көрүстөндө жерге берилет.
Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.
ЖАКтын маалыматына ылайык, ал 15-декабрда Кылмыш-жаза кодекстин 94-беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.
Ал эми кечээ, 6-январда Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарына юридикалык баа берилерин билдирген.
