"Мусулманча жерге берилет". Арстан Алайга жаназа окулду (видео)
Абакта каза болгон Арстанбек Абдылдаевге (Арстан Алай) жаназа окулду.
Анда бир тууган иниси маркум агасы мусулманча жерге берилерин айтып, жаназаны өзү окуду.
Арстан Алайдын сөөгү Орок айылындагы көрүстөндө жерге берилет.
Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.
ЖАКтын маалыматына ылайык, ал 15-декабрда Кылмыш-жаза кодекстин 94-беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.
Ал эми кечээ, 6-январда Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарына юридикалык баа берилерин билдирген.
видео
