super.kg logo

Абанын температурасы 12-январдан тарта төмөндөйт. Аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат

 

Кыргызгидромет 7-январдан 13-январга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык жана жылуу болот. Абанын температурасы 12-январдан тарта төмөндөй баштайт.

Чүй облусунда жана Бишкек шаарында 11-январга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 11...13 градуска чейин жылуу болушу ыктымал. 12-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. 13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12- январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Талас облусунда 7-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. 8-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 9-12-январда күн ачык болору божомолдонду. 13-январда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 8-январда жана 12-13-январда жаан, кар жаашы ыктымал. 7-9-10-11-январда күн ачык болору күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусунда 12-январда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 13-январда күндүз Чолпон-Ата шаарында кар жаашы мүмкүн, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда 12-13-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы болжол менен -3…-8 градустун тегерегинде болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: