super.kg logo

Садыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады  

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда православ динин туткан кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

"Христианчылык башка конфессиялар менен катар Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушунда маанилүү ролду ойнойт. Эркиндикти сүйгөн элибиздин эң негизги байлыгы – бул биздин биримдигибиз. Ата-бабаларыбыздын салтын урматтоо менен достукту, ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Ар бир кыргыз жараны этноско жана динге карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ. Бир эл катары балдарды чогуу тарбиялап, майрамдарды чогуу өткөрүп, кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз. Ал үчүн жарандарыбыздын жыргалчылыгы, өлкөнүн өнүгүшү үчүн биргеликте жемиштүү иштешибиз керек", - деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы Рождествону майрамдап жаткан бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакыт жана бакубатчылык каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: