super.kg logo

Арстан Алайдын иниси: "Агам мусулман болчу, биз ажынын балдарыбыз" (видео)

 

Бүгүн, 7-январда Бишкек шаарында абакта каза болгон Арстанбек Абдылдаевди (Арстан Алай) акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, сөөгү шаар четиндеги Орок айылына коюлду.

Маркумдун иниси агасы мечит салганын, атасын ажыга алып барганын айтып көзүнө жаш алды.

"Агам экөөбүз жетелешип чогуу чоңойдук эле, чогуу өстүк эле. Барбаган жерге чогуу барып, чогуу келчү элек. Биринчилерден болуп мечит салган, атамды ажыга алып барган. Мына, ажынын балдарыбыз. Мусулман болчу, намаз окучу. Балдарын жума намазга алып барчу", - деди ал.

Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.

ЖАКтын маалыматына ылайык, ал 15-декабрда Кылмыш-жаза кодекстин 94-беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.

Ал эми кечээ, 6-январда Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарына юридикалык баа берилерин билдирген.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: